Коом
Барскоон капчыгайында кичи ГЭСтин курулушу башталды

Ысык-Көлдө кубаттуулугу 7,5 мегаватт болгон Барскоон кичи ГЭСинин курулушуна капсула салынды.
Барскоон капчыгайындагы станциянын баасы 706 миллион сомду түзөт. Жабдуулар Австриядан сатып алынат. Долбоордун алкагында узундугу 5 чакырым келген сууну буруучу каналдын курулушу каралган.
Ал жыл сайын 38 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат, бул 1500 үйдү электр жарыгы менен камсыз кылат. Мини ГЭСти 2025-жылдын сентябрында ишке киргизүү пландалууда.



