31 жаштагы айым кызганычтан улам 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө буюрутма берген (ФОТО)

26 жаштагы Айгерим Токбаеванын өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 26-сентябрь түнү Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында бейтааныш адамдар үйүнө кирип келип 62 жаштагы Т.Ж.ны жана анын кызы Айгеримди бычактап, качып кетишкен. Алган жаракаттарынан улам жабырлануучу кыз каза болгон.
Бул иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен катталып, кылмыштын бетин ачууга ИИМ, Чүй ОИИББ жана Аламдүдүн РИИБнинин ыкчам иликтөө кызматкерлери тартылган.
Жыйынтыгында 14-октябрда милиция кызматкерлери жогорудагы кылмышке шектүү 3 жаранды кармашкан. Алар 31 жаштагы Б.Ж. аттуу айым, 28 жаштагы О.А. жана 31 жаштагы К.Ч аттуу эркек кишилер. Тергөө учурунда кылмышка шектүү Б.Ж. аттуу 31 жаштагы айым кызганычтан улам О.А. аттуу айдоочусуна жана досу К.Ч.га кызды өлтүрүү тууралуу буюрутма бергени белгилүү болгон. Азыркы тапта кармалгандардын бардыгы убактылуу тергөөабагына камалып, иликтөө иштери уланууда.



