Коом

Жыл башынан бери Кыргызстанда акчанын көлөмү миллиард сомго азайды

Жыл башынан тарта 1-мартка чейин Кыргызстанда акча базасынын көлөмү бир топ азайып кетти.

Улуттук банктын маанилүү үч көрсөткүчү боюнча абал төмөнкүдөй:

акча базасынын көлөмү 147 миллиард 760,1 миллион сом (жыл башында — 156,9 миллиард болчу);

кеңири аныктамадагы акча базасы — 156 миллиард 896,6 миллион (жыл башында — 173,5 миллиарддан жогору болчу);

жүгүртүүдөгү акча — 128 миллиард 881,5 миллион сом (жыл башында — 139,9 миллиард сом).

Белгилей кетсек, соңку жылдары акчанын көлөмү өсүп келе жаткан. Мисалы, кеңири аныктамадагы акча базасы 2017-жылы биринчи жолу 100 миллиард, 2020-жылы 150 миллиард сомдон ашкан.

Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын насыялык уюмдардын кассасындагы калдыгы менен кошо эсептелген каражаты;

акча базасы — айлантуудагы акча жана каржылык (аманаттык) уюмдардын сом түрүндөгү резерви;

кеңири аныктамадагы акча базасы — айлантуудагы акча, аны менен бирге каржылык уюмдардын Улуттук банкта сакталган бардык резервдери (чет элдик валюта, сом) жана аманаттары.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button