Коом

ВИДЕО: «Жер үй» Талас элине айыл-чарба техникаларын сатып берип, спорт аянтчасын курууга жардам берди

Талас облусунда жайгашкан “Жер үй” алтын-альянс компаниясы ачылгандан бери жергиликтүү элге социалдык жактан жакшы жардамдарды берип келди. Талас районунун Арал айылына  айыл-чарба техникаларын сатып берип, жаштардын эс алуусу жана спортко машыгуусу үчүн футбол талаасын да курууга жардам берген.

Учурда “Жер үй” компаниясынан сатылып алынган техникалар айыл элинин талаа иштерине абдан чоң жардамдарын берип, элдин түйшүгүн бир топ жеңилдетти десек болчудай. Ал эми айыл жаштары аталган компания аркылуу курулган футбол талаасында машыгышат.

Талас облусунун Арал айылынын өкмөт башчысы Бактыбек Апышев:

-2016-жылы мен өкмөт башчылыкка келген учурда Талас  районунда өнүгүү фонду бар болчу. Ошол жерден бизге “Жер үй” алтын-альянстан 12 миллион сом акча бөлүнгөн. Түшкөн каражаттын  айыл чарба техникаларын сатып алып, калган акчага  ушул жерден минифутболдук талаа салган элек, — деди.

Бактыбек Сыдыгалиев, Арал айылынын тургуну:

-Алтын-альянс компаниясынан биздин айылга 12 миллион каражат келип, ага айыл чарбасына керектүү тракторлорду прицеби менен алып, чөп чапкыч комбайндарын алып, алар учурда элге кызматын кылып жатышат. 2016-жылдан бери айылдыктардын чөбүн чаап, пресстешип, талаа иштерин жасап, элге өз убагында жакшы кызматтарын көрсөтүп жатышат. Талаа иштери өз убагында жыйналып, өз убагында ташылып,   жакшы кызматтар көрсөтүлүп жатат.

“Жер үй” алтын альянс  Талас облусунун бир топ айыл өкмөттөрүнө айыл чарбасына керектүү техникаларды сатып бергенин, айыл элинин ишин жеңилдеткенине эл ыраазы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button