Саясат

Президенттин Администрация өкүлдөрүнө ”Кыргыз тилинде сүйлөгөн жасалма интеллект” долбоору тааныштырылды

Кечээ, 28-июнда  “Кыргызиндустриянын” санарип адиси Асанов Эмилдин тилди үйрөтүүгө багытталган “Синтезатор программалык колдонмосу” тааныштырылды.

Буга улай   эле «Улут Софт» компаниясынын башкы директору Окенов Мирбек «Жасалма интеллект» долбоорун тааныштырган жолугушуу болду. Бул иш-чарага КР Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Исанов Алмаз Насирдинович, КР Президентинин Администрациясынын  Реформалардын саясатын иштеп чыгуу жана реализациялоо, изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Бешимов Аскар Жолчубекович, КР Президентинин Администрациясынын эксперти Сүйүнов Данияр, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Супатаева Альфира Илиясовна, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын пресс-катчысы Жакыбалиев Кутмырза, «Улут Софт» компаниясынын башкы директору Окенов Мирбек Турдубекович, «Улут Софт» компаниясынын кызматкери Баялиев Улан, “Кыргызиндустриянын” санарип адиси Асанов Эмиль Даирович, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын коомдук башталыштагы кеңешчиси Дыйканов Салмоорбек катышты.

Бул жыйында «Синтезатор программалык колдонмосу» менен  «Жасалма интеллект» долбоорунун айырмачылыктары жана окшоштуктары тууралуу талкуу болду.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты  боюнча улуттук комиссия тарабынан “Санарип Кыргызстан – 2019-2023” концепциясын ишке ашыруу жана улуттук санарип контентин мамлекеттик тилде өнүктүрүү максатында 2018-2019-жылдары “Кыргыз тилин табигый түрдө иштетүүчү программалык аппарат” долбоору иштелип чыккан.

Долбоордун башкы максаты – кыргыз тилинде иш алып барган жасалма интеллекттин өрчүшүнө шарт түзүү. Программалык аппарат аркылуу жарандарыбыз санарип чөйрө менен кыргыз тилинде байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Кыргыз тилинде иштелип чыккан жасалма интеллект ишке кирсе башка тилдерден которуу аркылуу тилибиздин илимий жана маалыматтык базасын кеңейтип, жарандарыбыздын башка тилде иш алып баруу муктаждыгын азайтат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button