Коом

УКМК: Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды – ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери И.Т.З. тарабынан жарандык иш боюнча мүлктүк талашты оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 2 миң АКШ долларын талап кылган алдамчылык фактысы аныкталды.

Опузалап талап кылуу фактысы боюнча келип түшкөн арызды кароонун алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2024-жылдын 24-апрелинде Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери И.Т.З. кармалып, анын унаасын жана үйүн тинтүү учурунда арыз ээси тарабынан мурда берилген 150 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылды.

Тергөө-оперативдүү иш-аракеттеринин алкагында И.Т.З. Өзгөн райондук сотунун кызматкери катары, сотто каралып жаткан жарандык/кылмыш иштерине тиешелүү айрым маселелерди чечүү боюнча «ортомчулук» кызматты көрсөткөнү такталды.

Келип түшкөн маалыматтар сот адилеттигине жатпаган чечимдерди чыгарууга жол бербөө үчүн акыйкаттыкты издөөдө жарандар өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн ар кандай ыкмаларды издөөгө аргасыз болгондугун айгинелейт. Мындай учурларда соттордун иштеп жаткан кызматкерлеринин, адвокаттардын, ошондой эле ар кандай шектүү адамдардын арасынан ортомчулар пайдаланып, жарандардын көйгөйлөрүнөн алдамчылык жол менен акча табышат.

Буга байланыштуу УКМК соттук чечимдердин жыйынтыгына таасир этүүгө убада берген ар кандай адамдарга байланышпастан, компетенттүү органдарга арыз менен кайрылууну өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button