Садыр Жапаров 14-ноябрга чейин кызматын өткөрүп берерин айтты
3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кызматын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин билдирди.
«Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча президент, президенттин милдетин аткаруучу шайлоого катыша албайт. Бирок мен президенттин милдетин аткаруу милдетин 14-ноябрга чейин өткөрүп берем. Кудай буюрса катышам», — деди Жапаров.
Учурда БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев жана Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырды. Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев 4-ноябрдагы парламенттин жыйынында билдирүү жасап, алдыдагы президенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыктан, бул кызматын тапшырып берүүнү чечкенин билдирди.