Коом

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев элдин ишеничин актай алабы?

Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан айыл-чарба өтө маанилүү тармак экенине карабастан өнүкпөй келет. Айылчарбасы айтканга оңой болгону менен ал тармакта атайын билими жана тажрыйбасы бар адистер иштеши шарт.

Октябрь окуяларынын шарапаты менен 5-октябрдагы митингде өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн жаштарга кызмат берилип жатат. Алардын бири буга чейин бадыраң өстүрүп, ийгиликтерди багынтып, коомго тааныла баштаган Тилек Токтогазиев дагы Айыл чарба министри болуп отуруп калды.

Тилек мырза 4-октябрдагы парламенттик шайлоого “Ата-Мекен” партиясынын катарында катышкан. Демек, күбүр-шыбыр кепке караганда Тилектин министр болушуна бадыраңчы экени эмес, кадимки чоң саясатчы Өмүрбек Текебаевдин салымы бар экен. Өкмөттүн жаны курамы түзүлүп жаткан Текебаев жаны бийликтин өкүлдөрү менен бир нече ирет жолугуп, натыйжада “ата-мекенчилер” да кызматтарга барышты.

Садыр Жапаров кайсы бир маегинде өзүн сындагандарды кызматка сунуштап жатканын, аларга иштөөгө мүмкүнчүлүк бергенин айктаны бар. Алар Эльвира Суравалдиева жана Тилек Токтогазиевдер болушу мүмкүн. Садыр Жапаров айкөлдүк кылып, чон ишеним менен мамлекеттик кызматта бир күндүк тажрыйбасы жок, Тилек мырзаны көйгөйү күч тармакка жетекчи кылды. Эми ошол ишеничти Тилек Токтогазиев актай алабы?

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бюджет тартыштыгы күч алып жатканда Тилек Токтогазиев кызматкерлерине премия таратып жатканы да  маалымат булактарына тарап, коомчулукта бир топ талкууларды жараткан эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button