УКМК: Чет мамлекеттин аймагындагы согуш, террордук аракеттерге катышкан жаран кармалды

2023-жылдын 8-ноябрында КР УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын 1995-жылы Жалал-Абад областында туулган Т.Х.Х. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, Т.Х.Х. 2015-жылдын аягында Москва шаарында иштеп жүргөндө “Катиба аль-Таухид валь-Джихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданып, Сирияга жеткирилип, ал жактан диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Кармалган адам КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.



