Саясат

Төрага: 75 жарандын каты парламентке кантип кирип калганын комиссия аныктады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев 75 жаран тарабынан жазылган кайрылуу боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта 75 аксакалдын парламентке жолдогон кайрылуусу боюнча талкуу уланууда.

«Журналисттер бизден бул тууралуу сурап жатышат. Мен төрага болуп иштей баштагандан тарта бул кайрылуу ЖКга кантип келип калганын тактай баштадык. Атайын комиссия түзүлдү.
Маалым болгондой, кайрылуу Конституциялык комитеттин кароосуна түшкөн. Ачыгын айтсам, бул кат парламентте мурда эле күтүлүп жаткан экен. Аны мурдагы төрагага анын жардамчылары аркылуу колго берип, кийин тиешелүү комитетке жөнөтүшкөн. Комиссиянын жыйынтыгын толугу менен Ички иштер министрлигине өткөрүп бердик, учурда тергөө жүрүп жатат. Ал өз баасын берет», — деди Марлен Маматалиев.

Эске салсак, февраль айында коомчулукта өлкөдө президенттик шайлоону шашылыш өткөрүү чакырыгы менен жамааттык кайрылуу тараган. Ага 75 адам — окумуштуулар, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол коюшкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button