Велосипед жана скутерлерге тротуарда жүрүүгө тыюу салуу сунушталды

Жогорку кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев жол эрежесин бузган велосипед, скутер айдоого тыюу салууну демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзам долбоордун негиздемесинде соңку убакта популярдуу болуп жаткан жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонуу нормативдик жактан жөнгө салынбаганы белгиленген.
«Жеке мобилдүүлүк каражаттарынын айдоочулары эрежелерди билүүгө, сактоого милдеттүү жана жолдо жүрүүгө да укуктуу», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.
Тыюу салган эрежелер:
рулду бир кол менен кармап айдоого;
атайын шарттары болбосо жүргүнчүлөрдү ташууга;
мопеддерден башкасына автожолго чыгууга тыюу салынат;
жакын жерде велосипед тилкеси бар болсо тротуар же жөө жүргөндөрдүн жолу менен жүрүүгө;
атайын коргонуучу каражаттарысыз, караңгыда чагылдыруучу каражаты жок айдоого, жүк ташууга, чиркегич илип жүрүүгө;
мопед айдоочуларына велосипед жолунда, тротуар же жөө жүрүүчү жол менен жүрүүгө тыюу салынат.
Жеке мобилдүүлүк каражаттарга тиешелүү жол жок болсо айдоочу саатына алты чакырымдан ашырбай, жөө кишилер үчүн коркунуч туудурбастан, тротуар же жөө адамдар өтүүчү жол менен жүрө алары белгиленди.
Жеке мобилдүүлүк каражаттарга самокат (электр чыгырыгы), скутер, мопед, гироскутер сыяктуу дөңгөлөктүү чакан унаалар кирет.



