Коом

Кыргызстанда машыгуунун алкагында сирена жаңырат. ӨКМ дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат

Бүгүн, 3-октябрда саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондордун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт.

ӨКМден билдиришкендей, машыгуу өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт.

Иш-чара “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулат.

Аталган иш-чарага республиканын бардык мамлекеттик ведомстволору, билим берүү мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын катышуусу мерчемделген.

Ведомство жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөнгө түшпөөгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button