Конституциялык палата мөөнөтүн узарткан парламенттин мыйзамдуулугун карап жатат

Жогорку соттун Конституциялык палатасында бүгүн, 2-декабрда шайлоолор тууралуу мыйзамдын айрым нормаларын токтоткон мыйзам боюнча арыз каралып жатат. Мындай арыз менен ”Реформа” саясий партиясы жана активисттер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиева кайрылышкан.
Алар парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө калтырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтып жатышат. Ошону менен катар Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын мыйзамдуу мөөнөтү 27-октябрда аяктаганы жүйө келтирилүүдө.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы он чакты саясий партия Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен бүткөн жана өлкөдө бийлик алмашкан.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бирок кийин Жогорку Кеңеш президентти жана парламентти шайлоо жараяндарын жөнгө салуучу конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизип, шайлоо качан өтөрү белгисиз бойдон калган.



