Коом

Кандай кесипти тандоо керек? Нарында кызыктуу тренинг өттү

Жакында Нарын районунун, Орто-Нура айылынын, Бейшенаалы Бекжанов атындагы орто мектебинде кесиптик багытта  билим  берүү  боюнча,семинар-тренинг өткөрүлдү.

Бул  башка мектептерден өзгөчөлөнгөн иш-чара болду.

Семинарга мугалимдер,окуучулар катышып, суроо -жооп менен башталды.

Анда мугалимдер кантип кесип тандагандарын айтышты жана бул темага мисал боло турган Орто-Нурадан чыккан чыгаан инсандар тууралуу сөз болду. Ал эми окуучулар өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Иш-чарада мугалимдер окуучуларга бул иш-чаранын шарттары жана,өзгөчөлүктөрү менен тааныштырып, эң негизгиси ар бир адам кесип тандоодо өзү чечим чыгарыш керек деген тыянакка келишти.

Бул долбоор Кыргызстандын келечегинин ачкычы. Ал эми азыркы тапта КФ Глобалдык Өзгөрүүлөр Фонду жана & Fair Sustainabl Devolopment Solutions -FSDS Коомдук Фонду менен биргеликте ишке ашырылып жатат.

Нурзат Акматалиева

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button