Коом

Кесиптик майрамга карата Балыкчы шаарынын милициясына автоунаанын ачкычы тапшырылды

Кыргыз милициясынын кесиптик майрамына карата, Балыкчы шаарында салтанаттуу иш чара болуп өттү. Шаардын жетекчилигинин атынан тартип сакчыларын мэр Аманат Сыдыков куттуктады. Өзүнүн куттуктоосунда, укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө эбегейсиз иштерди турмушка ашырып келе жаткандыгын белгиледи.  Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси  Сталбек Усубакунов билдирди.

«Милицияда кызмат өтөө – өзгөчө татаал болсо да, анын маӊызы жана мааниси өзгөчө асыл сапаттарга ээ. Сиздер, өзүнөрдүн күнүмдүк аткарган кызматыӊыздар менен элдин ишеничин актап жатканыӊыздар, биз үчүн өтө сыймык. Ушул жолдон тайбай, дагы да көптөгөн ийгиликтерге жетишериӊиздерге тилектешпиз», — деп белгиледи ал.

Шаардын мэри, өзүнүн куттуктоосун кызматта өзгөчөлөнө алган милиция кызматкерлерине жана ардагерлерине ардак грамоталарды жана алкыш баракчаларын тапшыруу менен улантты.

Салтанатты улап, Балыкчы ШИИБдин жетекчиси Улан Кыдыргычев өзүнүн кесиптештерин куттуктап чыкты.

Мекеменин башчысы шаардык милициянын өздүк курамын куттуктап, кызмат учурунда курман болушкан кесиптештеринин жаркын элестерин бир мүнөттүк эскерүү менен таазим кылышты. Андан соӊ, КР ИИМдин, Ысык-Көл ОИИБдин жана Балыкчы ШИИБдин сыйлыктары майрам ээлерине тапшырылды.

Ошондой эле, өтүп жаткан салтанатка шаардын укук коргоо органдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү да келишип, милиция кызматкерлерин кесипттик майрамы менен куттукташып, өздөрүнүн белектерин тапшырып кетишти. Белектеринин бири болгон «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү автоунааны Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүкчөсүнө Кыргыз Республикасынын «Аргымак» федерациясынын президенти Акжол Акматов тапшырды.

Салтанат майрамдык концерт менен аяктады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button