Саясат

Башаламандыкка алып келген “парламентаризм”

Учурда Баш мыйзамга оңдоо түзөөлөрдү киргизүү боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү тыным албай иш алып барууда. Өлкөнүн бардык аймактарынан, бардык жарандар Баш мыйзамга киргизилүүчү оңдоо-түзөөлөргө өз ойлорун айтып, сунушун бере алат.

Ал эми Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү ар бир жарандын оюн угуп, талкууга алып, андан соң чечим чыгарууда. Андыктан жаңы Конституция 2010-жылдагыдай бир гана адамдын жеке кызыкчылыгы менен чектелип калган жок,  жалпы элдин талкуусуна коюлуп жатат. Эгер 2010-жылдагы Конституцияны кабыл алган учур менен азыркы учурда салыштыра турган болсок, чоң айрымачылыкты байкасак болот. Азыркы учурда бийликтин үч бутагы: парламент дагы, президенттин жана премьердин милдетин аткаруучу дагы бар. Бардыгы мыйзам чегинде иш алып барууда, өлкө укуктук тааладан чыккан жок. Ал эми 2010-жылы парламент да, президент да, премьер министр да болгон эмес. Ким кайсы негизде Конституцияны иштеп чыкканы түшүнүксүз. Ал эми ошол учурдагы бийликтин башында турган Убактылуу өкмөттүн лигитимдүүлүгү күмөн жаратат.

Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Максат Чакиев төмөндөгүлөргө токтолду:”Мен айрым бир адамдардын 2010-жылдагы Конституцияны сактап калууга болгон далалатын жакшы түшүнүп жатам. Анткени алар партиялардын тизмесин түзүүдө саясый артыкчылыкка ээ болушчу. Анын негизинде ал тизмедегилер парламентке бара алышчу. Мындан тышкары алар ошол Баш мыйзамдын негизинде түзүлгөн коррупциялык схема менен сол капчыкка кеткен булактан айрылышат. Алыс барбай эле ТЭЦти эстегилечи, бажыдагы коррупциялар жана башка ушуга окшогон көптөгөн коорупциялык схемалары бар. Андыктан азыркы Конституциянын ишин токтотуш керек. Эгер биз, ушул Баш мыйзам менен кете турган болсок, анда дагы 20-30 жылга артка кетебиз. Керек болсо, биз, мамлекет катары жок болуп кетишибиз ыктымал. Биз парламентаризм менен партиялык бизнес деген түшүнүктүн айрымасын билишибиз керек. Бизде парламентаризмдин ордуна, саясый соодалашуу системасы пайда болду.”

Учурдагы Конституциялык реформаларга, ага тиешелүү бардык нерсени сынга алган бир катар саясый топтор бар. Алар ар кандай митингдерди уюштуруп,батышчыл маалымат каражаттарына интервьюларды берип, эски Баш мыйзамды сактап калууга бардык аракеттерин жасашууда. Эгер алар чындыгында эле өлкөнүн өнүгүшүнө, өсүшүнө күйүп-бышып жаткан болсо, анда эмнеге өздөрүнүн сунуштарын айтып чыгышпайт. Тескерисинче сууну иритип, коомчулукка туура эмес маалыматты таңылашууда. Алардын бекте кармаганы эле: бардык бийлик президенттин колунда болуп, ал “ажыдаарга” айланып кетет деп жатышат. Бирок ошол айрым бир саясый топтор туу туткан 2010-жылдагы Конституция мыйзамдуу жол менен кабыл алынды беле деген чоң суроо турат. Ошол кездеги Убактылуу өкмөт Конституциялык кеңешме уюштуруп, 20 күндүн ичинде Баш мыйзамдын текстин иштеп чыгышкан. Бул боюнча учурдагы Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юрист, Медар Алиев, 2010-жылдагы өлкөдөгү кырдаал менен 2020-жылдагы мамлекеттеги абалды салыштырууда.  Анын айтымында бүгүнкү күнү бийликтин бардык бутактары мыйзам чегинде иштеп жатышат. Президенттин, премьердин милдеттин аткаруучу лигитимдүү иш алып барууда, ошондой эле Жогорку Кеңеш дагы иштеп жатат. Ал эми 2010-жылы президент жок болчу, парламент таркатылып жиберилген. Ал кезде болгону өзүн өзү жарыялап, өзүн өзү шайлаган Убактылуу өкмөт болгон. Анын үстүнө 2010-жылдагы июнь айындагы окуяларынан кийин, эл, Конституцияны ойлоого жана көңүл бурууга мүмкүнчүлүгү да болгон эмес. Ал эми ошол Баш мыйзамдын негизинде түзүлгөн Парламенттик система он жыл ичинде Кыргызстанга кандай таасир тийгизгендиги тууралуу экс-депутат Турусунбай Бакир уулу төмөндөгүлөргө токтолду: “Азыркы Баш мыйзам 10 жыл ичинде экономикалык көйгөйгө, саясый каатчылыкка алып келди. Бийлик элден обочолонуп калды. Бизге бир мандаттуу шайлоо системасы керек. Ар бир депутат өз шайлоочуларынын кызыкчылыгын коргосун. Ошол эле учурда депутаттардын алып барган иши, эл тарабынан көзөмөлдөнүп туруусу кажет” . Чындыгында эле парламенттик системага өтүп, бийлик бир адамдын колунда болбой, көпчүлүк чечет дегенибиз менен, айлынып келип канга сиңген мүнөз менен кайра эле хандын оозун карап отурганыбыз ачуу чындык. Ошол парламенттик системанын өзөгү болгон, парламент дагы президенттин айдаган жагына басууда. Айланып келип эле, бийлик бир адамдын колунда болуп жаткан соң, элге бир короо депутаттарды багуунун эмне кереги бар. Бул тууралуу юрист, Медет Алиев: “Азыр биз жашап жаткан Баш мыйзамда президет эч нерсеге жоопкерчиликтүү эмес, бирок ошол эле учурда “супер” президент, ачык айтканда толук монархия, бардыгы келип “ханга” баш ийет. Дал ушул биз жашап жаткан Конституция президентти “ажыдаарга” айлантарын көрсөтү. Конституцияда дал келбестиктер өтө көп, президент баарын башкарат, баарын чечет, бирок ошол эле кезде эч нерсеге жооп бербейт.”-дейт.

Чындыгында эле азыркы Баш мыйзам президенттерди мультимиллионерлерге айлантып, бардык кызматтарга куда-сөөк, тааныш билишин отургузуп, парламентти кааласа бийлетип, каалса ырдатарын көрдүк. Андыктан президент дагы элге баш ийип, отчет берип, бир жылда бир жолу болсо да бийликтин ээси, мамлекеттин ээси — эл экенин эстеп тура тургандай кылып Курултай системасын киргизүү керек. Бул тууралуу Садирдин Торалиев: “Курултай — бул бир гана элдин талабы эле эмес, мезгилдин да талабы болууда. Ошондой эле парламентаризмде жашап, жыйынтыгын көрдүк. Президенттин бийлиги тарабынан толук авторитаризм болду. Өкмөт аламашып, саясый партиялардын “алтын тизмеси” гана парламент отуруп калышты. Мунун баары экономикалык чөйрөдө баша аламандыкты жаратты. Албетте, мындай көрүнүштөр калктын жашоосуна таасирин тийгизүүдө. Андыктан Курултай – керек. Жаңы Конуституция дагы керек. Башка жол жок.”

Андыктан, бизге кандай башкаруу система керектигин эл чечүүгө тийиш. Учурда ар бир жаран кайдыгер карабай Конституциялык кеңешмеге өз сунуштарын киргизип, өлкөнүн өсүшүнө салымын кошууга тийиш.

Абылбек Суранчиев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button