Коом
Кыргызстандын музейлерине октябрь ичи кирүүгө акысыз болот

Кыргызстандын бардык мамлекеттик музейлеринде 1-октябрдан 30-октябрга чейин эшиктер ачык болот.
Маданият министрлигинин маалыматына караганда, иш-чара президенттин руханий адепахлактык өнүгүү, улуттук наркты даңазалоо жана тарых-мураска болгон кызыгууну арттыруу боюнча жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында жана өлкөдө алгачкы музейдин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулууда.
Программанын алкагында туруктуу жана убактылуу көргөзмөлөргө акысыз кирүү, калктын ар түрдүү катмары үчүн атайын экскурсиялык маршруттар, тарыхый жана маданий багыттагы экскурсиялар, лекциялар жана мастер-класстар уюштурулат.



