Коом
Коронавирус. Акыркы суткада беш бейтап каза тапты (СТАТИСТИКА)

Өткөн суткада өлкөдө 318 кишиден коронавирус табылып, 248 бейтап ооруну жеңди. Ошол эле учурда беш бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 126;
- Ош – 4;
- Чүй облусу – 79;
- Ош облусу – 6;
- Талас облусу – 4;
- Нарын облусу – 12;
- Ысык-Көл облусу – 46;
- Жалал-Абад облусу – 25;
- Баткен облусу – 16.
Ал эми каза тапкандар Бишкек шаарында бир, Ош облусунда эки жана Баткен облусунда эки киши каза болду.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 77 647ге жетти. Анын ичинен 70 450сү айыкса, 1 312 бейтап көз жумган.
Азыркы учурда стационарларда коронавирустан 2 087 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 553 кишинин абалы оор болсо, 91инин абалы өтө оор деп бааланууда.