Чолпон-Атада каза болгон Индиянын 2 жараны тууралуу маалымат

Буга чейин ӨКМ маалымат берип, 21-апрелде Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде 2 эркек киши (болжолдуу Индиянын жарандары) көлгө чөгүп кеткенин билдирген. Ысык-Көл ОИИБден окуянын чоо-жайын айтышты.
«21-апрель күнү Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына билдирүү түшүп, анда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу борборунун кол жээгинен болжол менен саат 13:00 чамаларында Индия мамлекетинин 2 жараны көлгө түшүп жатып, чөгүп кеткендиги жөнүндө маалымдалган.
Түшкөн маалымат боюнча, райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, териштирүү иштерин жүргүзө баштаган. Териштүүрүнүн учурунда, Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери, Индия мамлекетинин жарандары 20 жаштагы А.Р. жана 19 жаштагы Д.Ч. көлдүн жээгине эс алууга барышып, пирстен секирип, суудан чыга албай чөгүп кетишкени аныкталган.
Каза болгон жарандар менен бирге көлгө эс алууга келген чогуу окушкан Индия мамлекетинин жарандары күбө катары суралган учурда, алар да жердештери көлгө пирстен секирип, чөгүп кетишкенин маалымдашкан. Аталган окуя Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертизасы дайындалды. Териштирүү иштери уланууда»,— дешти.



