Намазга келген кишинин акчасын уурдаган жигит кармалды
Милициянын кайгуул кызматкерлери акча уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-декабрда Чыгыш автобекеттин ичинен 1984-жылы туулган З.Р. аттуу жаран кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган.
Анда болжол менен саат 15:00 чамасында эски автобекетте жайгашкан Намазкананын ичинен арыз ээсинин курткасынын чөнтөгүнөн белгисиз жаран акчасын уурдап кеткен.
Жазылган арыздын негизинде ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Р.Р. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.