Коом

УКМК: Жогорку соттун төрайымы тергөөгө келбей жатат

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева УКМКга тергөөгө келбей жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, күбө катары суракка чакыруу тууралуу чакыруу Гүлбара Калиевага 30-декабрда эле берилген. Бирок, ошол эле күнү Калиевадан жана анын жактоочусунан суракты 4-январга жылдырып туруу боюнча арыз түшкөн.

Ал эми 4-январда жактоочусу Гүлбара Калиева ден соолугуна байланыштуу ооруканалардын бирине жаткызылганы, ошондуктан тергөөгө келе албастыгын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button