Коом

Бүгүн шайлоо участогуна бара албаган 21 миң жаран добуш берет

Бүгүн шайлоо участогуна келүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн добуш берүү башталды.

БШКнын берген маалыматына ылайык, бул категорияга кирген кыргызстандыктардын саны 21 360ты түзөт.

Эрежеге ылайык, саламаттыгы начар жана майыптыгы бар жарандар, ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар, бийик тоолуу аймакта мал кармап убактылуу жашап жаткандар БШКга арыз менен кайрылат. Андан соң атайын кызматкерлер шайлоодон бир күн мурун алардын жайгашкан жерине барып добуш бердиртет.

Мындан сырткары, калктуу конуштан алыс жакта кызмат өтөп жүргөн аскерлер, добуш берүү күнү иштей турган ички иштер органдарынын кызматкерлери да бар.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт, ажолукка 17 талапкер ат салышууда. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын тандоо үчүн референдум болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button