Окуялар

«Кыргыз темир жолунан» 250 миң доллар опузалап алган. УКМК шектүүлөрдү кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылды деп шектелген эки жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

8-январь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасынын арызына ылайык, КР Жазык кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Маалым болгондой, М.А. жана У.Д. аттуу жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутууга алып, ишкананын башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан. Алар маселени оң жагына чечүү үчүн сураган каражатты бергени айтылат.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button