Коом
Депутат: Энергетикалык суусундуктарды жарнамалагандар айыпка жыгылсын

Депутат Алишер Козуев мындай демилгени көтөрүп, мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Ал энергетикалык суусундуктарды жарнама кылган жеке жактарды 15 миң, юридикалык жактарды 35 миң сомго айыпка жыгууну сунуштап жатат.
Долбоордун максаты — кант диабети жана жүрөк ооруларына алып келчү суусундуктардан элдин, өзгөчө жаштардын ден соолугун коргоо.



