Шакылдаган Адахан Мадумаров карапайым элди эмес, контрабандачыларды колдойбу?
Депутат Адахан Мадумаров буга чейин УКМКны каралаган видеолорун чыгарып элдин башын айлантууга жана бийликке каршы чыгууга үндөгөн ар кандай “сулуу, кооз” сөздөрдү айтып келет. Мындан жарым ай мурун Баткен облусуна барып, ал жактагы контрабандага каршы УКМКнын жасаган аракеттерин сынга алып, бир беткей видеосун коомчулукка тараткан.
Эми бүгүн ЖКнын трибунасына туруп, ошол эски маалыматты кайрадан алып чыгып, адатынча “кооз” сөздөр менен акылдуусунуп сүйлөп, УКМКны кайрадан сынга алымыш болду.
Трибунада сүйлөгөн Адахан Мадумаров Баткендеги эки айылдын ортосуна коюлган посттор тууралуу кеп кылып, аны алып салуу керектигин айтты.
Бул постторду ошол жерде жашаган карапайым эл өздөру суранып койгонун, себеби, Тажикстанга өтүүчү контрабандаларды жок кылуу максатын айтышкан эле. Бирок, буга чейин контрабанда менен шугулданып, Тажикстанга ээн-эркин барып, соода сатык жасаган айрым адамдардын кызыкчылыгын коргогон Адахан Мадумаров карапайым элдин пикири менен эсептешкиси жок өндөнөт.
Эске салсак, буга чейин соцтармактар аркылуу УКМКнын Баткен облусуну боюнча башкармалыгын, жалпы эле УКМКнын контрабандага каршы ишмердүүлүгүн каралаган видеолор жарыяланган.
Мисалга алсак, 11-майда “Кольцо” көзөмөл өткөрсө пунктуна Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары барышканда, Ташматов Арслан аттуу жаран фракциянын лидери Адахан Мадумаровго даттанган. Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлери посттон өтүүдө акча талап кылышкан, акыркы жолу “Развилка” көзөмөл өткөрмө пунктунан өткөндө 500дөн 1000 долларга чейин сурашкан.
УКМК бул боюнча түшүндүрмө таратты. Маалыматка караганда, даттанган жаран 1985-жылы туулган, Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну Ташматов Нургазынын бир тууганы болот, ал эми Ташматов Нургазы айылдын ири аткезчилеринин бири болуп саналат.
Маалыматка караганда, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган факты боюнча Лейлек районундагы “Коргончо” чек ара тилкесиндеги контрабандалык аракеттерди токтотуу үчүн 8 тонна күйүүчү май жүктөлгөн эки жүк ташуучу автоунааны кармаган. Бул автоунаалар Тажикстанда каттоодо турат, аны салондон табылган тажик мамлекеттик номерлер, камсыздандыруу документтери тастыктайт.
Ошондой эле, Тажикстанга жаратылыш газын мыйзамсыз жеткирүү аракеттери да аныкталган. Өткөн жылдын 21-сентябрында “Хужант-Арка” автожолунун жанынан 06KG431PB мамлекеттик номерлүү автоунаа жаратылыш газын жүктөр баратканда колго түшкөн. Бул факты да кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ушул жүктөрдүн ээси Ташматов Нургазы Абдуназарович экени аныкталган. Ал Кулунду айылынын ири аткезчилеринин бири, өтө куу, кыйтыр, материалдык кызыкчылыкты гана көздөгөн адам катары сыпатталат.
Н.Ташматов алып бараткан жүктөрү КР УКМКга кармалгандан кийин тажик контрабандачыларына өтө ири суммадагы акча карыз болуп калган.
Аны менен катар өткөн жылдын 15-октябрында Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сай” участогунда УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери аткезчиликке шектелген «Исузу-ЕЛС250» үлгүсүндөгү автоунаасын (А1141L – мамлекеттик номери) кармашкан, аны Н.Ташматовдун бир тууган агасы, 1982-жылы туулган Арслан Ташматов айдап бараткан. Кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, айыл элин чогултуп, өлкө жетекчилигине видео кайрылуу жасаарын айтып коркуткан. Бул факты дагы кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Учурда жогоруда аталган автоунаалар “Кулунду” жана “Кайрагач-Автодорожный” көзөмөл – өткөрүү пунктарында жооптуу кайтарууда турат.
“Мына ушул себептерден улам бир тууган Ташматовдон УКМКнын ишмердүүлүгүн жаманатты кылууга аракеттенип жатышат”, – деп билдирет УКМК.
Андан сырткары 2021-жылдын 25-мартында Нургазы Ташматов өз алдынча УКМКнын имаратына келип, кызматкерлерге УКМКнын башчысына, аскер прокуратурасына өзүн мыйзамсыз кармашканы тууралуу айтып, жергиликтүү элге контрабандалык аракеттерге жеңилдик берүүсүн суранган видео кайрылуусун көрсөткөн.
Ошондой эле, депутаттарга даттанган Арслан Ташматов кайсы кызматкер андан акча талап кылганын көрсөтүп же сүрөттөп бере алган эмес. Ал эми бул боюнча укук коргоо кызматтарына арыз жолдосо болоорлугун айтышканда, Ташматов арыз жазуудан караманча баш тартып койгон.



