Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцина өндүрүү маселеси каралууда

Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында «Спутник V» вакцинасынын өндүрүшүн кеңейтүү үчүн Кыргызстан менен Армениянын фармацевтика тармагындагы ишканаларды тартуу маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Өткөн жылдын декабрь айында стратегиялык жактан маанилүү дары-дармектерди өндүрүү стратегиясы иштелип чыгып, ЕЭКтин сайты аркылуу коомдук талкууга коюлган. Анда ЕАЭБде фармацевтикалык өндүрүштү жолго коюу, импорттун ордун басуу үчүн жаңы ишканаларды түзүү жана коронавируска каршы вакцинаны жетиштүү көлөмдө чыгаруу маселелери каралган.
ЕЭКтин маалыматына караганда, Россиянын түз инвестициялар фонду «Спутник V» вакцинасын ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен биргеликте өндүрүү маселеси боюнча иштеп жатат. Бул тема ЕЭК коллегиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян декабрь айында Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен жолуккан учурда талкууланган.
Ошондой эле жакын арада «Спутник V» вакцинасы Беларуста өндүрүлө баштаары айтылды. Келишим түзүлүп, керектүү технологияларды жеткирүү маселеси чечилүүдө.
«Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында «Спутник V» вакцинасынын өндүрүшүн кеңейтүү үчүн Кыргызстан менен Армениянын фармацевтика тармагындагы ишканаларын тартуу маселеси талкууланып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, өткөн жылдын аягында Россиянын түз инвестициялар фонду менен Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин келишиминин негизинде коңшу өлкөгө тиешелүү технология жеткирилген. Жыйынтыгында Караганда фармацевтикалык комплексинин базасында вакцина чыгарыла баштаган. Негизинен мында айына 300 миң доза чыгаруу пландалган. Ушул тапта 90 миң доза даяр болду. Эми препаратты өлкөдө каттоо иштери аяктаган соң өндүрүлгөн вакциналар колдонула баштайт. Бул жерде этабы менен вакцинанын 2 миллион дозасы жасалары күтүлүп жатат.
Белгилей кетсек, россиялык адистер дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы «Спутник V», андан соң «ЭпиВакКорона» вакцинасын иштеп чыккан.



