Коом

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов коррупцияга шектелип кармалды

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалып, 4-сентябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекемеден билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин («Коррупция») 2-бөлүгүнө ылайык, ага уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгына иштеген деген айып коюлууда.

«ИИМдин тергөө кызматынын шектүүнү камакка алуу жөнүндөгү өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. О.Ж.Т ушул жылдын 4-сентябрына чейин камалды», — деп айтылат маалыматта.

Ормонов бул кызматка 2023-жылдын 25-августунда дайындалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button