Кыргызстанда соттук-эксперттик ишмердүүлүк жаңыланууда

Кыргызстанда соттук-эксперттик ишмердүүлүк тармагындагы мыйзамдар реформаланып жатат, ал нормативдик базаны жаңылоого жана экспертизаларды өткөрүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. «Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө» Мыйзам мамлекеттик эмес соттук эксперттердин жана уюмдардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселелерин камтып, жаңы түшүнүктөрдү жана институттарды киргизүүнү карайт.
Мыйзамдагы жаңыланууга ылайык, компетенттүүлүк сертификаты бар жеке адамдар уюмдарга милдеттүү түрдө көз каранды болбостон, соттук-эксперттик ишмердүүлүк менен жеке иш алып барууга мүмкүнчүлүк алышат.
Ошондой эле соттук-эксперттик изилдөөнүн ыкмалары менен методдору, ошондой эле колдонулган ыкмалардын ылайыктуулугун баалоо — валидация процедуралары киргизилет. Бул өзгөртүүлөр процесстерди стандартташтырууга жана эксперттердин жыйынтыктарынын объективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттерп алатасын түзүү каралган — бул мамлекеттик эмес эксперттерди бириктирген кесиптик коомчулук. Палата ишмердүүлүктү координациялоо, квалификацияны жогорулатуу, этикалык көзөмөл жүргүзүү жана мамлекеттик органдар менен кызматташуу менен иштейт.
Палатанын мүчөлүгү бардык мамлекеттик эмесэксперттер үчүн милдеттүү болот. Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардын аккредитациясы ыктыярдуу болуп, сапаттын стандарттарына туура келүүсү тастыкталат. Бул экспертизанын жеке секторун ашыкча административдик тоскоолдугу жок өнүктүрүүгө арналган.
Жеке соттук эксперттердин ыйгарым укуктары кеңейип, аларга наркотиктерге, психотроптук заттарга жана жардыргыч заттарга байланыштуу эмес бардык түрдөгү экспертизаларды жүргүзүүгө уруксат берилет.
Ошондой эле, жогорку билим, атайын даярдык өтүү жана квалификацияны беш жылда бир эксперттик-квалификациялык комиссия аркылуу системалуу тастыктоо сияктуу эксперттердин кесиптик даярдыгына коюлган талаптар белгиленди.
Мыйзам долбоору дебюрократизация алкагында иштелип чыгып, Жогорку Кенештен үч окууда кабыл алынды.



