Коом

Актриса Жамал Сейдакматованын сөөгү жерге берилди

Бүгүн кыргыздын көрүнүктүү актрисасы Жамал Сейдакматованын сөөгү жерге берилди. Улуу талант менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү.

Коштошуу зыйнатында Жамал Сейдакматова бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнаган улуу актриса экени белгиленди. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Улуу талант узакка созулган катуу оорудан улам 16-февралга караган түнү көз жумган. Ал 82 жашта болчу.

Актриса 1989-жылы алгачкы көз карандысыз «Туңгуч» театрын негиздеген. 1970-жылы «Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти», 1976-жылы «Кыргыз ССРинин Эл артисти» наамдарын алган.

1986-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 2003- жана 2019-жылдары III жана II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button