Саясат

Садыр Жапаров Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашуу болду.

Вячеслав Володин бул иш сапары эки тараптуу алакаларга, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Ал Садыр Жапаровду өлкөнүн президенти кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктап, шайлоо процесси атаандаштыкта жана ачык-айкын өткөнүн белгилеп өттү.

Вячеслав Володин Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөштөр болгондуктан, диалогду парламенттер аралык платформаларда гана эмес, парламенттин тармактык комитеттеринин алкагында да өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин айтты.

Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга токтолгон Мамлекеттик думанын төрагасы өлкө эли өз тандоосун жасаганын кошумчалап, Баш мыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгиледи.

Ал орус тили окутулган жана расмий тил катары колдонулган өлкөлөрдүн жарандарына Россиянын аймагында бир катар жеңилдиктер каралганын, мындай мүмкүнчүлүктөр Кыргызстан менен Беларустун жарандары үчүн жеткиликтүү экендигин эске салды.

Вячеслав Володин өлкөлөрдүн ортосунда түрдүү чөйрөлөрдө потенциалды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экенин дагы бир жолу баса белгилеп, алар бүгүнкү жолугушуудан кийин мындан да динамикалуу ишке ашат деген ишенимин билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button