Коом

Өтмөк ашуусу тазаланып, жол ачылды

Бүгүн, 26-февраль күнү Өтмөк ашуусу тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

«Бүгүн эртең менентен тарта жол ачылды. Кечээ аба ырайынан улам жолдо тыгын жаралып, Талас облусунун чыга беришиндеги Талды-Булак айылындагы пост жабылган. Учурда Өтмөк ашуусунда тазалоо иштери бүтүп, жол ачылды. Бирок чектөөлөр бар. Саат 22:00го чейин гана жол ачык болот», — деди ал.

Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Сатымкул Жусупов Өтмөк ашуусуна унаалар кылдааттык менен өткөрүлүп жаткандыгын айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button