Коом
Чет жакта иштеп жүргөн мигранттар Кыргызстанга келгенде пенсия чыга алат
Бул тууралуу Соцфонддун төргасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.
Мындай келишим Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн (Россия, Казакстан, Армения, Беларусь), Түркия жана Түштүк Кореянын ортосунда бар.
“Ушул өлкөлөрдө иштегендердин стажы эсепке алынат. Болгону бир шарт — мыйзамдуу иштеши керек. Мисалы, Россияда мыйзамдуу иштеп, Кыргызстанга келип пенсияга чыкканга болот же тескерисинче”, — деди Жуматаева.
@user2



