Коом
Бишкекте башаламан токтогон унааларга карата рейд уланууда

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасы башаламан токтогон унааларды эвакуациялоо боюнча рейд жүргүздү. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.
Анын алкагында бир күн ичинде атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерлерге, таштанды челектердин алдына жана аялдамаларга токтогон 64 унаа эвакуацияланып, айып короо жайына киргизилди.


Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер улантылат.
Урматтуу айдоочулар! Унааңыздарды уруксат берилбеген жерлерге токтотпооңуздарды жана токтотуу эрежелерин сактоону суранабыз.



