Коом
Бишкекте дүкөнгө уурулукка аракеттенген жаран кармалды

2023-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган мейманканалардын биринде саат 03:00до дүрбөлөң баскычы басылып дарек боюнча бөлүмдүн кармоо тобу ыкчам барышкан.
Кайтарууда турган мейманканага караштуу дүкөнүнө, Фрунзе көчөсү тарабындагы терезени талкалап кирип, кайра чыгууга аракет кылып жаткан учурда 1989-ж/т кылмышка шектүү жаран колго түшүрүлүп, Ленин РИИБдин тергөө кызматына тапшырылды.

Окуя Ленин РИИБдин КБРне катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-берене “уурулук” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



