Саясат

Алмазбек Атамбаевге абактагылар сый-урмат менен мамиле кылышабы? Өзү жооп берди

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактагы башка адамдар ага сый-урмат менен мамиле кылышарын айтты. Бул тууралуу Атамбаев бүгүн, 6-апрелде соттук отурумда журналисттерге билдирди.

«Менин жашым улуу болгондуктан абактагылар башкаларга салыштырмалуу мага сый-урмат менен мамиле кылышат. «Мен үчүн алар баламдай. Ооба, аларга боорум ооруйт. Абактагы шарттар албетте XXI кылымга туура келбейт», — деди Атамбаев.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев аны Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которууну суранганын айтты.

«№8 колонияда мага карата мыйзамсыздык азаят. Бирок, мени кайда жиберсе, ошол жакка барам», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button