Коом
Бишкекте эки көчө оңдоо үчүн жабылды
Бишкекте дагы эки көчө оңдоо үчүн жабылып, унаа кыймылына чектөөлөр коюлду. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Капиталдык ремонт Васильев көчөсү (Манас проспектисинен Түлөбердиевге чейин) жана Чыгыш-5 кичи районундагы Армейская (Кийизбаевден Мамбетовго чейин) көчөсүндө башталды.
Мындан тышкары, төмөнкү беш көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат:
- Исакеев көчөсү (Ауэзовден Валихановго чейин);
- Шевченко көчөсү (Жибек жолунан Мичуринге чейин);
- Леваневский көчөсү (Лев Толстойдон Асаналиеге чейин);
- Гражданская көчөсү (Төрөкул Айтматовдон Курманжан даткага чейин);
- Каховский көчөсү (Тимур Фрунзеден Кривоносовго чейин).
Мэрия бул жылы 27 көчөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө жалпысынан узундугу 16,5 чакырымга жеткен жерди ремонттоону пландап жатат.



