Коом

Баш байге – 2 бөлмөлүү батир. Муфтият китеп окуу сынагын жарыялады

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети «ИЛИМДҮҮНҮ ИЙГИЛИК ИЗДЕЙТ» аттуу китеп окуу конкурсун жарыялады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, конкурс 3 китептин негизинде өткөрүлөт. Алар:

1.Ыйман бутактары

2.Өчпөс өмүр

3.Бакыт ордосу

Баш байге: 2 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИР.

Ар бир китептин жеңүүчүлөрүнө төмөндөгүдөй сыйлыктар берилет:

1-орун 50 000 сом

2-орун 40 000 сом

3-орун 30 000 сом

4-орун 20 000 сом

5-орун 10 000 сом

6-10-орундарга кызыктыруучу белектер берилет.

Конкурска каттоо 20-ноябрга чейин уланып, сынак 27-ноябрь күнү өткөрүлөт.

Эскертүү:

• Конкурска катышуу үчүн окурман бул китептердин бирөөсүн тандап, катталуу керек.

• Үч китептин жеңүүчүлөрү баш байгеге чүчүкулак тартышат.

Сурап билүү жана катталуу үчүн байланыш номерлери:

0504 455 955

0990 455 955

0222 455 955

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button