Коом

Бишкекте 8 айлык ымыркайдан коронавирус аныкталды

Бишкекте 8 айлык ымыркайдан коронавирус аныкталды, ага эжесинен жуккан. Бул тууралуу брифингде Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, бөбөк мурда коронавирус аныкталган эжеси менен байланышта болгон.

«Наристеге лабораториялык тастыкталган COVID-19 диагнозу коюлганын белгилеп кетким келет. Азыркы учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, амбулатордук дарыланууда жатат”, — деди ал.

Белгиленгендей, 2021-жылдын башынан бери Бишкек шаарында жалпы COVID-19дун 3 миң 258 учуру катталган, анын ичинен 1 миң 989 учур лабораториялык, ал эми 1 миң 269 учур клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button