Коом
Бишкек мэриясы жашы 55тен жогоркулар зарыл болбосо үйдөн чыкпоого чакырат

Коронавируска байланыштуу мэрия Бишкек шаарынын айрым жарандарынан өзгөчө зарылдык жаралмайынча сыртка чыкпай туруусун өтүнөт. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
«Урматтуу шаардыктар жана шаардын коноктору, коомдук жайларда дагы деле COVID-19 илдетин жуктуруп алуу коркунучу бар. Өзгөчө тобокелдик тобуна кирген (55 жаштан жогоркулар) жарандар зарыл болбосо үйүнөн чыкпай эле койгону туура болот», — деди Чыныбаева.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Айнагүл Рыскулованын айтымында, Бишкекте эпидемиологиялык абал анча жакшы эмес. Ушу тапта Бишкек шаары кызыл зонага кирди.



