Коом

Кыргызгидромет “аба ырайы тууралуу маалымат кеч алынды” деген билим берүү министрине жооп берди

Синоптиктер шашылыш билдирүү 5-декабрда эле жарыяланганын айтты. Анда айрым жерлерде -25 градуска чейин суук болору так айтылган. Ошондой эле билдирүү бардык мамлекеттик органдарга жана ЖМКларга жөнөтүлгөндүгү кошумчаланды. 

“Билим берүү министри бул фактыны көз жаздымда калтырып, Кыргызгидромет өз убагында маалымат берген жок деген билдирүү жасады. Министрдин мындай сөзү коомчулукту эле адаштырбастан, Кыргызгидрометтин беделине дагы шек келтирет”, — деди синоптиктер. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button