Коом

17 жаштагы кыздын зордукталганы азырынча тактала элек.


Өзгөн районунун Баш-Дөбө а/а Кош-Коргон айылынын тургуну 45 жаштагы С.М арыз менен кайрылып, анда 2021-жылдын 19-апрель түнү саат болжол менен 22:00 чамасында, жээни ошол айылдын тургуну 17 жаштагы С кызы М ны өзүнүн үйүндө атасы 45-жаштагы В.С кызынын алсыз абалынан пайдаланып зордуктап койгондугун көрсөткөн.
Аталган арыз Өзгөн РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 161-бер. 3-бөл. 1-п. негизинде сотко чейинки өндүрүш иши болуп катталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш өспүрүм М.С кызын Өзгөн райондор аралык социялдык эмгек өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Ж.Тнын жана мыйзамдуу өкүл С.Снын катышуусунда суракка алган учурда төмөнкүлөрдү билдирген; 2021-жылдын 19-апрелинде болжол менен саат 22:00 чамасында эркине каршы, каршылык көрсөткөнүнө карабастан жыныстык катнашта болгондугун көрсөткөн.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чиймелер чийилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Шектүү С.Внын көрсөтмөсүндө кызы М.С кызынын айткандары чындыка дал келбейт деп билдирген.
С кызы Мга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Алгачкы соттук-медициналык экизпертизанын алгачкы текшерүүүсү боюнча кыз белгиси бузулбагандыгы белгилүү болгон. Ошондой болсо да бүдѳмүк ойлор пайда болбосун үчүн кошумча кайрадан экспертиза дайындалган. Учурда биологиялык экспертизанын бүтүмү чыга элек.Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен кандай аракет болгону такталат. Ар тараптуу иликтѳѳ максатынд жабырлануучуга жана арыз ээсине карата да соттук-психологиялык экспертиза дайындалган. Жабырлануучу кыздын апасы Россия Федерациясынын аймагында иштеп жаткан.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button