Коом

Марипов: паспорт көйгөйү чечилди, 3-майдан тарта документтер кабыл алынат

Премьер-министр Улукбек Марипов паспорт кризиси боюнча маселе чечилгенин билдирди.

Өкмөт башчы бүгүн Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, соңку күндөрү жасаган иштери тууралуу маалымат берди.

«Паспорттук кризис маселеси толук чечилди. Жакынкы күндөрү, мен ачык эле айтайын, 3-майдан тарта биометрикалык чет өлкөлүк паспортко документтерди кабыл ала баштайбыз», — деди Марипов.

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар жалпы жарандык паспорт ала албай үч айдан бери убара тартууда. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду берүүгө камынган. Бирок алар өз убагында даяр болгон жок. Ал эми эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду чыгарууну токтотуп коюшкан. Мунун кесепетинен чет өлкөгө чыгуучу паспорттун тартышыгы жаралды.

Март айында өкмөт башчы Улукбек Марипов биометрикалык паспорт өз мөөнөтүндө даярдалбаганы үчүн Мамкаттоонун төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берип, аталган ишке жооптуу орун басары Тилек Батыркановду жумуштан алган. Эгер дагы үзгүлтүккө учураса катуу жаза колдонуларын эскерткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button