Окуялар

Нарын облусундагы кудуктардын капкактарын жана мүрзөнүн тосмолорун уурдагандар кармалды

2021-жылдын 20-апрель күнүнөн 21-апрель күнүнө караган түнү Нарын Суу-канал ишканасына тийиштүү Нарын шаарынын ар кайсы аймагында орун алган суу түтүкчөсүнүн кудукчасынын  4 даана капкагын белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кетиптир деген  билдирүү менен Нарын Суу-канал ишканасынын директору Ч.Н. Нарын ШИИБнө кайрылган.

Аталган билдирүү Нарын ШИИБү тарабынан каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү деп Нарын районунун тургундары 1989-жылы туулган К.А. менен 1988-жылы туулган М.Ж. кармалып, жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар боюнча уурдагандарын мойнуна алышкан.

Мындан сырткары  Нарын облусунун  аймагында жайгашкан  мүрзөлөрдүн чугундарын, чынжырларын жана   тосмолорун  жашыруун түрдө уурдап кетишкен.

Ошондой эле март айында Нарын шаарынын аймагында жайгашкан 5 даана таза суу түтүкчөлөрүнүн кудукчаларын жашыруун уурдаган Нарын шаарынын тургуну 1994-жылы туулган С.Б. менен Ат-Башы районунун тургуну 1992-жылы туулган  Б.Б. кармалган.

Жогорудагы жарандар жалпы 15 факты  кудуктардын   капкактарын  жана  10го жакын  факты  мүрзөнүн тосмолорун уурдаган шектүүлөргө карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын ОИИБнин  Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button