Коом
Тажикстан жаңжалга күн мурунтан эле даярданып, окопторду казып коюшкан

28-апрелдин кечинде Баткендин Тажикстан менен чектеш аймагында жаӊжал чыккан. Алгач таш ыргытышып жаткан чыр, 29-апрель күнү эрте менен ок атышууга айланды. Белгилүү болгондой Тажикстан тарап, Кыргызстан менен чектеш аймактарына күн мурунтан эле окопторду казып, согушууга камынып жаткан фото-видео материалдар жарыяланган. Бирок, ыйык Рамазан айында мусулман кошуналар күтүүсүз кол салат деп эч ким күткөн эмес.



Атайын чагымчылдык кылып, бүгүн кол салып, тынч жаткан жергиликтүү элге ок чыгырышты.
P.S.Сүрөттөр бир нече күн мурун тартылып, Тажикстан тарап окоп казып, даярданып жатканы тууралуу талкуу жараткан эле.



