Саясат

Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу ыкчам жыйын өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Өкмөт мүчөлөрү менен ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдагы чыңалуунун деңгээлин азайтуу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек ара аймагындагы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Президент Садыр Жапаров учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн тийиштүү бардык мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлүшү керектигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button