Саясат

Президент Садыр Жапаров Баткенге барды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Баткенге барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, өлкө башчы кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кеткен. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button