Коом

Төө-Ашууда өрттөнгөн бензовоздун айдоочусуна жардам берген дагы бир милиция кызматкери каза болду

Маркум Орозмамат Акуналиев 30 жашта ооруканада көз жумду.  

Бишкек шаардык клиникалык медициналык Тез жардам берүү ооруканасынан анын денесинин 70% күйгөндүгүн билдиришти.  

Эргеш Акуналиев Алиев атындагы милиция академиясынын бүтүрүүчүсү, Өзгөн, Ноокат РИИБдеринде, Ош ОИИБде кызмат өтөп, 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп эмгектенип келген.  

Кырсык болгон күнү кесиптеши Дилмурат Шамшиев (ооруканада көз жумган) менен тергөө иштерине байланыштуу Баткенден Бишкекке келе жатышкан.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button