Коом

Баткен облусунан 138 бала Ысык-Көлгө эс алууга келет

Баткен облусунан 138 бала Ысык-Көлгө эс алууга келет. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Баткен облусуна келип, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолукту.

«Ал балдар менен жакындан баарлашып, ар бирине бекем ден соолук, кең келечек каалады. Ошону менен катар жалпы 138 балага 3 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү», — деп айтылат маалыматта.

Ассоль Молдокматова окуядан жабыр тарткан 138 баланы керектүү кийимдер менен камсыздап, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алууга алып бараарын айтып, ата-энелер менен макулдашкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button