Коом

Бишкекте коомдук транспорт айдоочулары менен айдоо маданияты боюнча кеңешме өттү

Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) коомдук транспорт айдоочулары үчүн ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул иш-чара өлкө башчысынын айдоо маданиятын жогорулатуу боюнча кайрылуусун эске алуу менен уюштурулган.

Кеңешмеге ЖКККББнын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров, транспорт башкармалыктарынын жетекчилери жана айдоочулар катышты.

Жыйында эрежени бузган айдоочулардын видеоматериалдары көрсөтүлүп, мындай учурларды кайталабоо боюнча эскертүүлөр берилди. Айдоочуларга жүргүнчү ташуу учурунда уюлдук телефон колдонбоо, чылым чекпөө жана жүргүнчүлөрдү аялдамалардан тышкары жерлерден түшүрбөө талаптары эскертилип, айдоо маданиятын сактоо зарылдыгы белгиленди.

Кеңешменин соңунда, ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Джоробеков коомдук транспорт тармагында эмгектенип жаткан мекеме жетекчилерине, механиктерге, диспетчерлерге жана наркологдорго Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button