Коом
Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн

Бүгүн, 20-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.



